Элчи Нуралиев Катар өнүктүрүү фондунун башкы директору менен жолукту

Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Катар өнүктүрүү фондунун башкы директору Фахд Аль-Сулайти менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалыматында жазылат.

Анын жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Катар эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөнүн келечегин жана Кыргызстанда социалдык-экономикалык маанидеги туруктуу өнүктүрүүнү көздөгөн стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өз кезегинде катар тарап Кыргызстан менен өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда тыгыз кызматташууга даяр экенин баса белгиледи. Ошондой эле жакынкы убакытта Бишкек медициналык тез жардам ооруканасынын кошумча имаратын куруу боюнча өкмөттөр аралык Макулдашууга кол коюла турганын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар пландарды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: Катар өнүктүрүү фонду – жакырчылыкты жоюуга, саламаттыкты сактоо кызматтарын жана билим берүү системаларын чыңдоого, экономикалык өнүгүүнү колдоого, гуманитардык жардамды мобилизациялоого жана климаттын өзгөрүүсүнө коомчулуктун туруктуулугун жогорулатууга багытталган мамлекеттик өнүктүрүү органы катары саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан