Кыргыз бийчилери эл аралык сынакта алтын медаль алды (видео)

Кыргызстандык бийчилер Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова бий спорту боюнча Дүйнө чемпиону болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Бий спорт федерациясынын президенти Сергей Титунин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ага ылайык, 30-ноябрда Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында жыл сайын өтүүчү "WDSF World Championship taken place in Sarajevo - Bosnia and Herzegovina- 2024" аттуу эл аралык бий спорту боюнча турнир болуп өттү. Ага 30дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Турнирге "Жаштар" жана "Латина" категориясы боюнча катышкан 68 жуптун арасынан кыргыз бал бийчилери Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова алтын медаль жеңип алышты. Мунун менен алар «World Championship Youth Latin 2024» боюнча жаштар арасындагы эки жолку дүйнө чемпиону болушту.

Турнир Бүткүл дүйнөлүк Бий спорту федерациясы (WDSF) тарабынан өткөрүлгөн.

03.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан