ЖКККББ автобус жана маршурттук унааларга көзөмөлдү күчөттү

Өлкөдө жыл башынан бери автобус, кичи автобус өңдүү жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын катышуусунда 254 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Андай жол кырсыктарынан 450 жаран ар кандай жаракат алып, тилекке каршы 31 адам көз жумган.
Аталган мекеме билдиргендей, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу бир топ пайызга азайган, бирок дагы деле олуттуу көйгөй болууда.
Ал эми жол эрежесин бузган автобус жана маршруткалардын айдоочуларына 4 миң 692 протокол түзүлүп, 377си кызматтан четтетилген.
"Жүргүнчүлөрдү ташыган автобустар каттам учурунда кардар талашып каттуу айдаган, жол чырактарга баш ийбеген, уюлдук телефонго алаксыган, унаа башкаруу учурунда тамеки чеккен, жүргүнчүлөрдү туура эмес жерлерден салган же түшүргөн учурларын аныкташып, тийиштүү айып салуу менен айдоочуларга түшүндүрүү, эскертүү иштерин жүргүзүшүүдө", - деп билдирди ЖКККББ.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан