Aviasales.kg кыргыз тилиндеги "Келе-кет" колдонмосун тартуулады

“Келе-кет” колдонмосу саякатчыларга каалаган шаары менен бир мүнөт ичинде таанышууга жана саякатка жакшы даярдык көрүүгө жардам берет. Колдонмо буга чейин кыргызстандык туристтердин эң популярдуу багыттарын камтыйт жана тынымсыз кеңейүүдө.

«Келе-кет» атайын тандоолордо, кеңештерде жана жергиликтүү тургундардын лайфхактарында кайда жашоо керек, каякка баруу керек жана сүрөттөр үчүн эң жакшы көрүнүштөрдү кайдан табуу керектигин айтып берет. Аталган уникалдуу колдонмо биринчи жолу кыргыз тилинде тартууланды.

"Биз Кыргызстандан барган саякатчылардын кызыкчылыктарын кылдат изилдеп чыктык, кыргызстандыктарга өз шаарлары тууралуу айтып берүү үчүн дүйнөнүн булуң бурчунан гиддерди, фотографтарды жана саякатчыларды чакырдык. Aviasales.kg өз кызматын жакшыртууну улантууда; эми сапарга кызыктуу жайлардын тизмесин түзүүгө убакыт коротуунун кереги жок. “Келе-кеттин” орус жана кыргыз тилдеринде 20 популярдуу багыты жеткиликтүү жана алардын саны ай сайын толукталып турат", – деди Aviasales.kg’нин аймактык директору Марсель Арыстанбеков.

“Келе-кеттен” алынган маалыматтар шаарлардын карталары менен айкалышып, колдонуучулардын багыт алуусун жеңилдетет. Мындайча "Райондор" жыйнагы базалык географияны түшүнүүгө жардам берет. Мисалы, Стамбулдун бөлүктөрү: “Туристтер”, “Маданияттардын аралашмасы”, “Элита”, “Топтошкон эл жана кыймыл” жана “Хипстерлер” деп аталган. Ага ылайык, бейтааныш шаар айкыныраак болот.

Популярдуу туристтик жайлар "Белгилүү" кошумча барагында чогултулган. “Келе-кет” авторлорунун командасы да шаар тургундары көп барган жерлерди белгилешти. Алсак, Дубайда тандоого "City Walk сейилдөө жайы", "Al Fahidi тарыхый району", "Last Exit фуд-трак паркы" жана башка шаар тургундары сүйгөн пункттар кирди.

Башка тандоолордун бири – "Инстажайлар" - жергиликтүү фотографтар тарабынан сунушталган шаардын кооз бурчтарын камтыйт. Мындан тышкары, карта шаардын өзгөчөлүгүн "Пляждар", "Парктар жана бакчалар" ж.б.кошумча тандоолордо эске алат.

“Келе-Кет” бөлүмү Aviasales.kg сайтында жана мобилдик тиркемесинде эбак жеткиликтүү.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан