Белгилүү кинопродюсер Айнагүл Токобаева дүйнөдөн кайтты 

Белгилүү кинопродюсер Айнагүл Токобаева 62 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу "Кыргызфильм" киностудиясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, маркум кечээ, 2-декабрда көз жумган.

Айнагүл Токобаева 1962-жылы 13-августта жарык дүйнөгө келген. Ал 1979-1983-жылдары Бүткүл Союздук мамлекеттик кинематография институтунда экономика багыты боюнча билим алган. Алгачкы эмгек жолун экономист катары "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Токобаев 2023-жылга чейин "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директорунун 1-орун басары болуп эмгектенсе, өмүрүнүн акыркы жылдарында киностудияны жетектеп келген.

Ага улуттук кинематографияга кошкон зор салымы үчүн "Кыргыз киносунун отличниги", "Маданияттын мыкты кызматкери” жана президентин Ардак грамотасы тапшырылган.

"Айнагүл Токобаева кинематографисттер үчүн чоң үлгү, кесипкөйлүктүн жана ардактуу эмгектин символу катары ар дайым эскерилет. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп жазган "Кыргызфильм" киностудиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан