Футбол боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы “Шериктештик кубогу-2014” мелдешине даярдыкты Катарда көрөт

Футбол боюнча 21 жашка чейинкилерден түзүлгөн Кыргызстан жаштар курама командасы “Шериктештик кубогу-2014” мелдешине даярдыкты Катарда көрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.   

Маалыматка ылайык, курама команда аталган мамлекетке 10-январда учуп кетет.

Эске салсак, “Шериктештик кубогу-2014” мелдеши 24-январда башталып, 2-февралда жыйынтыкталат. Ага 21 жашка чейинки курамдары менен КМШнын аймагынан 12 мамлекеттин командалары катышары күтүлүүдө.

Кыргызстан мелдештин “А” тайпасында Эстония, Тажикстан жана Украина командалары менен беттеш өткөрөрү белгилүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kg_emilbekov
2014-01-06 14:54:31
маладестер кыргызстан алга жениш менен кайткыла кыргызстандын желегин желбиреттип келгиле !!!
0
kg_emilbekov
2014-01-06 14:56:02
Маладестер кыргызстан алга жениш менен кайткыла кыргызстандын желегин желбиреттип келгиле !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан