Бүгүн, 4-декабрь Бишкектеги Малдыбаев көчөсүндө жылуулук убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган көчөдө жылуулук берүү 08:30дан 18:00гө чейин токтотулат. Жылуулук берүүнү токтотуу оңдоо иштерине байланыштуу экени маалым болду.
Өчүрүүлөр боло турган даректер:
Малдыбаев көчөсү, 34Б (КГУСТА, жатакана №1 жана №2);
"Жаштык" бассейни, Малдыбаев көчөсү, 1;
Малдыбаев көчөсү, 15, 21, 23, 25, 27, 29, 31, 33, 35, 37, 39.