Улуттук банк төлөм уюмуна талаптарды бузууга жол бергендиги үчүн айып пул салды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декбрда аталган мекемеден билиришти.
Маалым болгондой, төлөм уюму өлкө мыйзамын жана Улуттук банктын нормативдик-укуктук актыларын бузганы үчүн айыпка жыгылган. Төлөм уюмуна салынган айып пулдун өлчөмү 110 миң сомду түзгөн.
"Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна жалпы суммасы 110 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды", - деп жазылат маалыматта.