"Эркектерден орун талашат". Шакиев шайлоодогу гендердик теңчилик маселесин кайра кароо керектигин айтты

Бүгүн, 4-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.

Бул мыйзам долбоорунун максаты жана милдети аялдардын ишкердигине мамлекеттик колдоону күчөтүү, анын ичинде финансыга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана экономикада аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу максатында шарттарды түзүү үчүн "аялдардын ишкердиги" деген мыйзамдык аныктаманы киргизүү болуп саналат.

Жыйында депутат Исхак Масалиев сунушталып жаткан мыйзам долбоорун сынга алып, мындай мыйзам болбош керектигин айтты.

"Эгерде биз "аялдардын ишкердиги" деген түшүнүк киргизип алсак, анда эркектердикин дагы киргизиш керек болот. Ошондуктан демилгечилерге айтат элем, келгиле, кийинки кадамды жасап "эркектердин ишкердиги" дегенди киргизели, анан студенттердин, пенсионерлердин деп отура берели. Андай болбош керек эле, ишкерлик жыныс боюнча бөлүнбөш керек", - деди Масалиев.

Аны төрага Нурланбек Шакиев кубаттап, шайлоодо да гендердик теңчилик маселесин караш керектигин кошумчалады.

"Туура, өзү мындай болбош керек. Ишкердиктеби, башкадабы – баары тең болушу керек. Гендер, гендер дейбиз. Биз дайыма артыкчылыктарды беребиз, тең укуктуулук деп. А шайлоого келгенде гендер иштебей калат. Шайлоодо да гендер, квота маселесин карашыбыз керек. Бардык жерде тең, кээде ашып кетет да, шайлоого келгенде эле түшүп калышат, "алсызбыз, квота бергиле" деп. А башка учурда тең. Эркектерден укук талашат, эркектерден орун талашат", - деди Шакиев.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору каттодон өткөн 63 депутаттын макулдугу менен жактырылды. Ага бир эл өкүлү каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, 2009-жылы Кыргызстан гендердик теңчилик жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган. Тагыраагы, шайлоолордо тизмедеги талапкерлердин 70 пайызы эркек болсо, аялдардын саны 30 пайыздан кем болбошу керек, же болбосо 70 пайыз аял болсо, эркектердин саны бери дегенде 30 пайыз болушу шарт.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоонун алдында жеңген ар бир партиянын 30 пайыздан кем эмес мандаты аялдарга берилиши керек деген талап кирген.

Жогорку Кеңеш 04.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан