Кыргызстандагы рублдун курсу боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү (видео)

Кыргызстанда рублдун курсу төмөндөп жаткандыгына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Марипов Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге кайрылды.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-декабрдагы жыйынында эл өкүлү мигранттардын учурда маанай жок болуп жатканын айтты.

Биз жакында эле Москва шаарына барып келдик. Ошол жерде жүргөн биздин мигранттарыбыздын маанайы жок. Себеби рублдун сомго карата курсу күндөн-күнгө түшүп бара жатат. Ушул рублдун курсун дагы карап, көзөмөлдөп берсеңиздер.

Кыргызстанга бир жылда Орусиядан 2 миллиард доллардан ашык акча кирип жатат. Мигранттар бүгүнкү күндө канчалаган акчаларды которуп жатат. Бирок курс төмөн болгондугуна байланыштуу бул жакка келгенде аз акча болуп калып жатат", - деди ал.

Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө карат 1 рубль 83 тыйынга барабар болууда.

Кыргызстандагы рублдун курсу боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан