Бишкекте мектептердеги ашканалар текшерилүүдө (сүрөт)

Бишкекте 2-декабрдан 9-декабрга чейин Биринчи май районундагы билим берүү уюмдарында коомдук тамактануу жайларын комплекстүү текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү иштерин муниципалдык администрациянын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун (ЦГСЭН), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү жүргүзүштү.

Анда жабдуулардын жана жайлардын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин, журналдардын болушун, коомдук тамактануу жайларынын жана сактоочу жайлардын абалы текшерилди.

"Тамак-аш азыктарын сактоо эрежелерин жана милдеттүү документтерди, анын ичинде эсепке алуу журналдарын жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан