Транспорт министрлиги тарабынан жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда аталган министрликтен билдиришти.
Ага ылайык, мыйзамсыз объектилер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо атайын техниканын жардамы менен алынып жатат.
Белгилей кетсек, аталган иштер президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде жүргүзүлүүдө.