Ошто үйүн камсыздандырган жаранга 500 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу селден жабыркаган Сана Зайировго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан 500 миң сом кенемте сертификаты берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сертификатты Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу бөлүмүнүн өкүлү тапшырды.

Белгилей кетсек, жарандын үйү табигый кырсыкта толугу менен жараксыз болуп калган. Ал буга чейин турак жайын камсыздандырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан