Чүйдө мамлекетке өткөн оорукана имараты эми төрөт үйү болот

Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукана эми төрөт үйү болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, бүгүн, 4-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган имараттын абалы менен таанышты.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан.
Анда министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан