Дин комиссиясы медреселерде диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат темасында лекцияларды өткөрдү

Диний кырдаалды изилдөө борборунун кызматкерлери медреселердин окуучуларына жана кызматкерлерине "Медреседеги билим берүү процессинин мыйзам талаптарына шайкештигине мониторинг жүргүзүү" аталышында изилдөөнүн жыйынтыктарын тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдирди.

Маалымдалгандай, бул изилдөө өлкөнүн дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча 2022-2026-жылдарга карата иш-чаралар планынын алкагында, атап айтканда, окуу-методикалык жана техникалык талаптарга шайкештигин баалоо максатында диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү аркылуу диний жана дин таануу билим берүү системасын өркүндөтүү пунктуна ылайык жүргүзүлдү.

"Изилдөөнүн жыйынтыктары медреселердеги билим берүү процессинин учурдагы абалын баалоого жана мыйзамдарга ылайык диний билим берүү системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Дин комиссиясынын аймактардагы өкүлдөрү иш-чаранын катышуучуларына диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат темасында лекцияларды өткөрүштү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан