Кыргыз почтасы “Мыкты жумуш берүүчү" ишкана деп табылды

Эл аралык майыптар күнүндө Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган “Майыптарды инклюзивдик ишке орноштуруу” форуму болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чаранын максаты коомдук уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын көңүлүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо жана эмгек жамаатына аралаштыруу маселелерине буруу болуп саналат.

Ага ылайык, Кыргыз почтасына “Мыкты жумуш берүүчү 2024” ардактуу наамы ыйгарылды. Ошондой эле компания майыптыгы бар жарандарды иш менен камсыз кылып, алардын жашоосуна жагымдуу шарт түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды.

Белгилей кетсек, Кыргыз почтасында 3000ден ашуун кызматкер иштейт. Алардын негизги бөлүгүн аялдар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 100дөн ашуун кызматкер эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан