Бүгүн, 5-декабрга карата Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 12 миллиард 580 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, суунун агып келиши секундасына 217 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 670 куб метрди түзүп жатат.
Белгилей кетсек, бир жума мурда Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 12 миллиард 805 миллион куб метрди түзгөн.