Кечээ, 4-декабрда кечинде Тбилисидеги митингде "Күчтүү Грузия" оппозициялык коалициясынын лидерлеринин бири Александр Елисашвили, ошондой эле "Ахали" оппозициялык партиясынын мүчөсү Зураб Датунашвили кармалышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, оппозициячылар митинг өтүп жаткан парламент имаратынан алыс эмес жерде, мейманканадан чыга бериште кармалган.
Бир нече саат мурун күч органдары Грузиянын оппозициялык коалициясынын лидери Ника Гварамияны майда бейбаштык жана полициянын талаптарын аткарбагандыгы үчүн административдик иш боюнча кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайда, ал сабалганын саясатчынын адвокаты Дито Садзаглишвили билдирген.
Тбилисиде 4-декабрда түштөн кийин бир катар оппозициялык партиялардын, анын ичинде экс-президент Михаил Саакашвилинин "Бириккен улуттук кыймылы" партиясынын кеңселери “Топтук зомбулукту уюштуруу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүүгө алынды. Ички иштер министрлигинин Борбордук криминалдык полиция башкармалыгынын башчысы Теймураз Купатадзе жети адам кармалганын билдирди.
Премьер-министр Ираклий Кобахидзенин айтымында, "радикалдуу оппозициянын лидерлери жана бай бейөкмөт уюмдар кеңселеринде жашынып жатканына карабастан", алар Руставели проспектисинде болуп жаткан окуялар үчүн жоопкерчиликтен качып кутула алышпайт.
Эске салсак, Грузияда нааразылык акциялары жети күндөн бери уланууда. Миңдеген демонстранттар шаршемби күнү Грузиянын баш калаасынын борборундагы парламент имаратынын алдына кайрадан чогулушкан.