Чүйдө кант кызылчасынын калдыгы малга тоют катарында бекер таратылууда 

Чүйдө кант кызылчасынын калдыгы малга тоют катарында колдонуу үчүн бекер таратылууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Кошой" ААКсы тарабынан кант кызылчасынан чыккан кызылчанын калдыгы 15-декабрга чейин бекер таратылат.

"Кызылча калдыгы мал үчүн пайдалуу тоют кошулмасы болуп эсептелет. Ал сиңирүү процессин жакшыртып, малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Жомду жаңы же силос түрүндө колдонсо болот, бул малчылар үчүн универсалдуу азык болот", - деп билдирди министрлик.

Дареги: Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары, Ленин көчөсү, 15.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан