2025-жылы бала бакчада эмгектенген тарбиячылардын айлык акысы жогорулайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, аталган маселе Финансы министрлиги менен биргеликте каралып, пландалып жатат.
"2025-жылкы бюджет каралып жатканда Финансы министрлиги менен биргеликте сүйлөшүп, мектепке чейинки тарбиячылардын айлык акысын жогорулатуу маселесин киргиздик. Буюрса, кийинки жылы булардын айлык акысы көтөрүлөт", - деди Жусупбекова.
Ошону менен катар ал мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кадыр тандоо маселесине дагы токтолуп, кийинки жылы жумушка аларда сырттан окуусун бүтүргөндөр көзөмөлдөнө турганын айтып өттү.