Ташиев 2025-жылдан тарта Кылмыш-жаза кодексинде айып пул салынбай турганын жарыялады

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кылмыш-жаза кодексинде 2025-жылдын 1-январынан тарта айып пулдар жаза катары колдонулбай турганын жарыялады.

Жогорку Кеңштин бүгүн, 5-декабрдагы жыйынында депутаттар коррупциялык кылмыштар үчүн жазаны катаалдаткан мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Анда Камчыбек Ташиев айткандай, 2025-жылдын 1-январынан кийин коррупционерлер реалдуу жазаларын алышат.

Ташиевдин айтымында, 2025-жылдын 1-январынан тарта коррупция менен кармалган жарандардын балдары, ата-энеси, туугандары мамлекеттик кызматтарда иштей алышпайт. Ошондой эле коррупция менен кармалган кызматкерлер мындан ары айып пул төлөп эле кутулбастан, түрмөгө кесилишет. Айып пул төлөө деген болбойт.

Ташиев коррупциялык жана башка кылмыштар боюнча жаза күчөтүлө турган беренелерди тизмектеди:

336-берене - Коррупция;

337-берене - Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу;

338.1-берене - Мыйзамдуу ишкердикке тоскоолдук кылуу;

339-берене - Атайылап пайдасыз келишим түзүү;

340-берене - Мыйзамсыз баюу;

341-берене - Кызмат адамынын ишкердик ишке катышуусу;

342-берене - Пара алуу;

343-берене - Пара талап кылуу;

344-берене - Пара алууда ортомчулук кылуу;

345-берене - Пара берүү;

346-берене - Кызматтык жасалмачылык;

347-берене - Паспортту мыйзамсыз берүү;

348-берене - Шалаакылык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан