Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кыргыз-тажик чек арасын чече алса жана коррупцияны жоё алса, анда эл "полководец" деген наам ыйгарарын айтты.
Жыйында "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып жаткан. Аталган мыйзамды депутаттарга Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тааныштырып жаткан.
"Сиз генералсыз, сизге маршал дегенге чейин берсе болот. Бирок бир наам бар "полководец" деген. Мен ишенем, сиз жеңип чыксаңыз эл сизге ал наамды берет. Муну президент да бере албайт, муну эл, катардагы жоокер, офицерлер берет", - деди Таштанбеков.
Эл өкүлү жемкорлорго жазаны күчөтө турган мыйзамды колдоорун кошумчалады.