Бүгүн, 5-декабрда Министрлер кабинети менен Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) ортосундагы Бишкек-Күнтуу-Белогорка- Суусамыр унаа жолунун курулуш долбооруна техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чара Алматы шаарында орун алып, ага ЕӨБдүн төрагасынын орун басары Ярослав Мандрон баштаган өкүлдөр менен аралыктан Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев катышты.
"Буга чейин келишимге транспорт министри Абсаттар Сыргабаев кол коюп, документ Алматы калаасына жиберилген.Алдыда келишимдин алкагында Бишкек-Күнтуу-Белогорка-Суусамыр унаа жолун куруу долбоору боюнча алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгат. Техникалык көмөк көрсөтүү фондунун эсебинен 200 миң долларына чейинки суммадагы каржылоо каралат", - деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: долбоор Бишкек-Ош каттамындагы тыгындарды жоюуга багытталган. Азыркы каттамдан 164 чакырым кыска болуп, түндүк менен түштүк аймактарынын ортосундагы жол жүрүү убактысын болжол менен 2-4 саатка кыскартат.