Путин баштаган дагы бир нече президент Садыр Жапаровду 56 жашка чыгышы менен куттукташты

КМШ өлкөлөрүнүн дагы бир нече президенттери өлкө башчы Садыр Жапаровду бүгүнкү туулган күнү менен куттукташты.

Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана дос мамиледеги Кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев: “Сиздин элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу жана бакубаттуулугун камсыз кылуу, Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн мындан ары жогорулатуу боюнча жигердүү аракеттериңиз өзгөчө көңүл бурууга татыктуу", - деп куттуктады президентти.

Ошондой эле куттуктоо телеграммасын Казакстандын, Тажикстандын, Азербайжандын президенттери дагы жөнөтүшкөн.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда 56 жашка толду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан