"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын автопаркына 6 заманбап автомунара алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, алынган атайын техникалар жогорку кубаттуулугу, ыңгайлуу кош кабина жана 23 метрге чейин бийиктикке кран көтөрүү мүмкүнчүлүгү менен мүнөздөлөт.
"Буга чейин кызматкерлер эскирген жабдуулардын айынан кыйынчылыктарга дуушар болушкан, алардын айрымдары 40 жылдан ашык колдонулуп келген. Эми автопаркты жа-жаңыртуунун аркасында электриктер ыңгайлуу шартта иштеп, кайрылуулардын аткарылышы эки эсе тезирээк болот", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жаңы келгендерди эске алуу менен ишкананын автопаркында 26 техника бар.
Мындан тышкары ушул жылдын аягына чейин 1 даана манипулятор жана 1 даана экскаватор сатылып алынат.