Сот залында өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган Имамидин Ташовдун абалы учурда канааттандырарлык деп баалынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал "Тез жардам" кызматынын клиникалык ооруканасына жеткирилген.
"Жараат үстүртөн, кан тамырлар жабыркаган эмес жана олуттуу кан жоготуу жок. Оорулууга керектүү жардам көрсөтүлүп, алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлдү. Учурда абалы канааттандырарлык, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-декабрда сот залында Имамидин Ташов өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, белгисиз нерсе менен тамагын бир нече жолу кесип жаткандагы видео социалдык тармактарда тараган.