Футболчу Азамат Байматов кийим сатуучу дүкөнчөсүн ишке киргизди

Футболчу Азамат Байматов кийим сатуучу бутигин ишке киргизди. Бул тууралуу футболчу бүгүн, 6-январда SUPER.KG порталына билдирди.

“Мен жеке бутигимди ачууну көп убакыттан бери кыялданып жүрчүмүн. Дал ошол кыялымды ишке ашырдым. Бул жерде жаштар эле эмес, улуу муундун өкүлдөрү да өзүнө ылайыктуу кийимдерди таба алышат. Сатыкта спорттук товарлардан башка да кийимдер бар. Буюрса, улуттук курама команданын футболкаларын да сатыкка коюу тилегим бар”,- дейт футболчу. 

Ал маек учурунда футболчу Дэвид Бекхэмди кумир тутарын да кыстарып өттү.

“Бекхэм футбол менен гана чектелбейт. Ал моданы да тереңден түшүнүп, өзүнүн бренддерин иштеп чыгууда. Аны идеалдуу адам десек болот”,- деп кошумчалады футболчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KG-Oligarh
2014-01-06 15:24:13
Азамат ишине ийгилик...
0
volk7
2014-01-06 15:54:04
Azamatsyn Azamat
0
aziza.jusupova
2014-01-06 17:27:31
Azamatsyn iygilik.
0
admin_superstan
2014-01-07 12:56:39
pluie, колдонуучу сайттын башкармалыгын талкууга алууга болбойт. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Комментарийлер темага ылайык болушу шарт.
0
nazhiev80
2014-01-08 17:06:14
молодец ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан