Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин миссиясы аяктаганы айтылды

Бүгүн, 7-декабрда президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы Ду Дэвэндин миссиясынын мезгилинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкканын баса белгиледи. Жогорку деңгээлдерде бир катар маанилүү сапарлар болуп өттү.

Президент алдыдагы “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушун ишке киргизүү, “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун жана “Кыргыз-кытай достук көпүрөсүнүн” курулушу, ошондой эле “Джунда” нефтини кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо сыяктуу биргелешкен инфраструктуралык долбоорлордун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи бул ийгиликтерге жетүүдө негизги ролду ойногон Кыргызстандын лидеринин жеке колдоосун өзгөчө белгилеп, кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан