Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагына түшкөн жер көчкү кайталанышы мүмкүн. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирген.
Айта кетсек, кечээ, 7-декабрда аталган унаа жолунун 5-чакырымында жалпы көлөмү болжол менен 12 миң метр куб жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган. Жабыркагандар болгон эмес. Учурда унаалар Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жол менен жүрүүдө.
Бүгүн, 8-декабрда жеринде облус жетекчиси Эльчибек Джантаев жарандык коргонуу кызматтары менен бирге жыйын өткөрдү.
"ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин божомолу жана сунушу менен жеринде тазалоо иштери токтотулду. Ага себеп унаа жолго дагы болжол менен 360 миң метр куб жер кыртышы түшүшү мүмкүн. Мындан улам аталган унаа жолду убактылуу жабуу, нөөмөттөрдү уюштуруу жана №26 Жол тейлөө ишканасына тезинен унаа жолду калыбына келтирүү боюнча долбоор иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, жеринде ИИМ кызматкерлери тарабынан пост уюштурулган.