Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада байгелүү орунга ээ болду

Кыргызстандык окуучу Султан Мусаходжаев Азербайжандын Ленкорань шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы табигый илимдер боюнча эл аралык олимпиадада 3-орунга ээ болду. Бул жөнүндө бүгүн, 9-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Ага ылайык, "Таланттарды даярдоо лабораториясы - 2024" VII эл аралык олимпиадасы 5-декабрда башталган, ал 12-декабрда аяктайт. Ага Азербайжан, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Грузия, Өзбекстан, Тажикстандын жана Беларустун мектеп окуучулары катышууда.
Султан Мусаходжаев Бишкек шаарындагы № 70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиянын 9-классынын окуучусу. Анын машыктыруучусу - математика боюнча Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Мамат Ишматов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан