Бишкекте 15 жаштагы Раяна изделүүдө

Бишкекте 15 жаштагы Раяна Арапбаева дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал 3-декабрда эртең мененки саат 7:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы кыска, кызыл-күрөң түскө боёлгон, көзү кара, кашы кара, ак жуумал, дене түзүлүшү орто.
​Кийген кийимдери: кызыл күрмө, башында күрөң түстөгү топу, боз түстө сумка, кара жинсы шым, ак түстөгү бут кийим.

Милиция Раянаны көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0(312) 56-60-43, 0(312) 56-32-48 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан