Теннисчи Данияр Дулдаев үчүн сезон 27-январда “Futures” жана “Challengers” серияларындагы мелдештер менен башталат. Бул тууралуу теннисчи бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына билдирди.
“Учурда Түркияда жашап, ушул жерде машыгып жатам. Каражаттын жетишсиздигинен улам Түркияда анан Казакстанда өткөн гана мелдештерге катышам. Индияга барууга көбүрөөк каражат сарпталат” дейт ал.