Машыктыруучу Александр Крестинин Кыргызстанга кайтып келди

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Ысык-Көлдүн жаңы түзүлгөн "Барс" командасына башкы машыктыруучу болду. Бул тууралуу аталган клубдан кабарлашты.

Крестинин менен караколдук клуб кийинки сезондун аягына чейин келишим түзгөн.

Белгилей кетсек, "Барс" футболдук клубу быйыл гана түзүлдү. Клуб кийинки сезондон баштап Каракол шаарынын атынан Кыргыз Премьер Лигасында ойнойт.

Эске сала кетсек, Крестинин улуттук кураманы 2014-жылдан 2023-жылга чейин машыктырган. Андан кийин ал Өзбекстандын "Локоматив" клубу менен келишим түзүп, коңшу өлкөгө кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан