Бүгүн, 10-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров адам укуктарын коргоо күнүнө карата кыргыз элине кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы өз кайрылуусунда конституция, мыйзамдар менен мамлекеттик башкаруу системасынын пайдубалы адам укуктарынын корголушуна негизделип түптөлгөнүн белгилеп өттү.
"Кыргыз эли байыртадан эле адамдык ар-намысты, эркиндикти, жоопкерчиликти жана адилеттүүлүктү туу тутуп жашап келгендиги баарыбызга жакшы маалым. Тарых-таржымалыбызда, дөөлөт-мурастарыбызда улуттар аралык ынтымакка, достукка, ишенимге жана кызматташтыкка өзгөчө маани берилгендигин көрүүгө болот. Бизде ар бир жарандын этностук, маданий же улуттук таандыгына карабастан, тең укуктуулук, урматтоо жана укуктарды коргоону камсыздоо негизги ролду ойногон.
Мындан 76 жыл мурун 10-декабрда Париж шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алып, аны дүйнөдөгү бардык элдер жана мамлекеттер карманууга тийиш болгон документ катары жарыялаган. Ошондон бери 10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнү катары белгиленип келет.
Адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоо жана гуманизм принциптерин ишке ашыруу максатында ушул жылдын 9-февралында “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү тууралуу” мыйзамга кол койгом.
Өткөн он жылдыкта Адам укуктарынын жалпы декларациясы адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары үчүн үлгү болуп, көптөгөн өлкөлөрдү, анын ичинде биздин өлкөнү, тиешелүү улуттук мыйзамдарды иштеп чыгууга шыктандырды. Кыргыз Республикасы бул принциптерди кармануу менен, бул багыттагы глобалдык демилгелерге жигердүү катышып келет.
Бул жааттагы жетишкендиктерибизди адам укуктары боюнча эл аралык негизги келишимдерге кошулуу, милдеттенмелердин аткарылышы боюнча эл аралык платформаларга үзгүлтүксүз маалымат берүү, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланышы дагы тастыктайт", - деп жазылат Садыр Жапаровдун кайрылуусунда.
Ошону менен катар мамлекет башчы ар бир адамдын уктары корголуп, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болууну каалай турганын билдирди.
"Урматтуу кыргызстандыктар!
Ата Мекенибизде ар бириңиздер ар дайым укуктарыңыздардын корголгонун сезип, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушуңуздарды каалайм. Коомубузда ар дайым бири-бирин урматтоо, ынтымак жана адилеттүүлүк өкүм сүрсүн!
Эң башкы баалуулугубузду – адам укуктары менен эркиндиктерин жана укуктук мамлекеттин негиздерин биргеликте бекемдейли!
Ар бир күнүбүз тынчтыкка, өнүгүүгө жана бакубаттуулукка карай кадам болсун!” - деп билдирди президент.