Өлкө аймагында жол жээгинде башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө карата рейд уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, ИИМдин эки айлык иш-мерчемине ылайык, ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмү жол боюндагы жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдуктарды жаратып, башаламан соода-сатык жүрүзгөн жарандарга карата рейддик иш-чара жүргүздү.
"Текшерүү учурунда жол жээгинде мөмө-жемиштерди, курулуш материалдарын, күйүүчү майларды жана суусундуктарды мыйзамсыз сатып жаткан учурлар аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата 220 тийиштүү протоколдор түзүлүп, жалпы 657 миң сом айып пул салынды.