Акылбек Жапаров иш сапар менен Москвага барат

Бүгүн, 11-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Орусиянын Москва шаарына барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Кабарлангандай, Жапаров 11-13-декабрдагы жумуш сапарынын алкагында КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.

КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюу менен мындан аркы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо жаатында, пенитенциардык кызматтар үчүн кадрларды даярдоо маселелери талкууланат. Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар, 2025–2026-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы жаатында жана башка маселелер каралат.

Ал эми Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар актуалдуу маселелер каралат. Анын ичинде өнөр жай тармактарындагы биргелешкен кызматташуу долбоорлоруна каржылык жардам көрсөтүү, газ, мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүү, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү жаатындагы маселелер талкууланат. Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан