Жанар Акаев Акылбек Жапаровго Москвага барганда мигранттардын маселесин чечип келүүнү суранды 

Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев мигранттардын маселесин көтөрүп, өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылды.

Анда депутат Орусияга иш сапары менен кимдер бара турганын сурап, орус өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүргөндө мигранттардын маселесин чечкенге аракет кылуу керектигин айтты.

"Биз азыр бюджетти карап жатабыз. Орусиядан 6 айдын ичинде 1,5 миллиард доллар акча которулду. Жылына дээрлик 3 миллиард долларга чейин каражат келет. Бул аябай чоң сумма, сиз аны жакшы билесиз. Орусияга барат экенсиз, ал жакта биздин жүз миңдеген мигранттарыбыз бар. Учурда аларда аэропортко киргенде көйгөйлөр болуп жатат, көпчүлүгү 5-6 сааттап күтүп, суракка алынып жаткан учурлар болууда. Кайра артка салып жиберген учурлар дагы бар. Телефондорун текшерип, "намаз окуйсуңбу, диний ишмерлердин кимисин тааныйсың?" деген суроолор болот экен. Ошондуктан орусиянын өкмөтү менен сүйлөшкөндө биздин мигранттардын маселесин кабыргасынан коюп, чечкенге аракет кылсаңыз", - деди депутат.

Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров бүгүн, 11-декабрда Москвага иш сапары менен барат.

Жанар Акаев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан