Бишкекте мурдагы прокурор бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалды

Башкы прокуратуранын ички коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын мурдагы улук прокурору У.А. камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 11-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, сотто анын бөгөт чарасы 30-ноябрда каралып, кийинки жылдын 9-январына чейин камакка алынган. Мурдагы прокурорду камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка даярдык көрүү", "Массалык башаламандыктар", "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери боюнча айып тагылууда.

Белгилей кетсек, ноябрь айында башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу дагы бийликти күч менен басып алууга жана бир нече оор беренелерге шектелип кармалып, камакка алынганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан