Бишкек шаарынын аймагында “Түнкү көпөлөк” аталышындагы иш чара өткөрүлүп, анын жыйынтыгында сойкулук менен алектенген кыздар аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Рейдде милиция кызматкерлери болжолдуу түрдө интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканаларды, сойкулук менен алектенген кыздарды аныктоо үчүн шаардын аймактарында мончолорду, ижарага берилүүчү батирлерди, мейманканаларды текшеришкен.
"20 күндүк иш-чаранын жыйынтыгында жалпысынан 170 ар кандай жайлар текшерилип, сойкулук менен алектенген 228 кыздар аныкталып, административдик протоколдор түзүлгөн жана мейманкана атын жамынган 1 сойкукана аныкталып, аны иштеткен жарандар кармалган. Аларга карата кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти шаардык мэриядан.
Мындан тышкары рейддин жүрүшүндө 151 ар кандай кылмыштардын бети ачылган.
Учурда профилактикалык иш-чаралар улантылууда.