2034-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу кайра Азияга кайтып келмей болду

2034-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Сауд Арабиясында өтөт. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) билдирди.

Буга чейин Австралия 2034-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүү үчүн ат салышкан, бирок кийинчерээк талапкерлигинен баш тарткан. Жыйынтыгында Сауд Арабиясы турнирди өткөрүүгө жалгыз талапкер бойдон калган.

Турнир 2022-жылы Катардагыдай эле жергиликтүү климатка байланыштуу кышында өткөрүлүшү мүмкүн.

Футбол боюнча 2034-жылкы Дүйнө чемпиондугу Сауд Арабиянын беш шаарында жайгашкан 15 стадиондо өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан