Дүйнөдөгү ири шаарлардагы абанын сапатын көзөмөлдөгөн World Air Quality уюмунун рейтингинде абасы эң кир шаарлардын тизмесинде бүгүн Пакистандын Лахор шаары сап башына чыкты. Анда абанын сапаты боюнча индекси (AQI 277) деп көрсөтүлөт. Ушул эле тизмеде Индиянын Дели шаары (AQI 251) экинчиде жайгашса, Непалдын Катманду шаары (AQI 207) тизмеде үчүнчүдөн орун алган.
Белгилей кетүүчү нерсе, абанын сапатынын индекси (AQI) ден соолукка кооптуу деңгээлинин жогорулашын көрсөткөн алты категорияга бөлүнөт. Уюмдун сайтында бул түстөр менен белгиленген. AQI 300дөн жогору болсо, ал абанын зыяндуу сапатын көрсөтөт. Ал эми 50дөн төмөн болсо жакшы көрсөткүч экендигин билдирет.
Бүгүн, 12-декабрь саат 10:00гө карата Бишкек шаары (AQI 115) бул тизмеде 24-орунда турат. Кечээ борбор калаа абасы эң кир шаарлардын алдыңкы сабына чыгып кеткен болчу.
Ал эми Жаңы Зеландиянын Окленд шаары (AQI 14) дүйнөдөгү абасы таза шаарлардын тизмесинде сап башына жайгашты. Португалиянын Лиссабон шаары (AQI 14) экинчиде турса, үчүнчү сапта Даниянын Копенгаген шаары (AQI 16) орун алган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө калкынын 90 пайызы абанын сапаты ДСУ сунуштаган чектен төмөн жерлерде жашайт. Атап айтканда, ДСУда метр кубга 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат. Дүйнөдө жыл сайын болжол менен 7 миллион адам абанын булганышына байланыштуу оорулардан каза табат.
Маалымат үчүн: 2019-жылы Бишкектеги Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин имаратына абанын булганышын ченөөчү прибор коюлган.