Ош облусунун аймагында ири суммада алдамчылык кылган деген шек менен 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-ноябрда милицияга Кара-Суу районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 24-июль күнү тааныш болгон Ноокат районунун 43 жаштагы тургуну ишеничине кирип, малын 19 миллион сомдон ашык суммага баалашып алып, кийин убадалаган сумманы бербей кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү делген 43 жаштагы жаран 7-декабрда кармалып, сот тарабынан камакка алынган.
Тергөөдө шектүүнүн үстүнөн ушундай эле мазмундагы арыз менен дагы 4 жаран кайрылган. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 44 миллион сомдон ашык.
Учурда тергөө иштери уланууда.