"Мыйзам менен далилдейбиз". Бишкетин мэри Ататүрк эс алуу багындагы курулуштар жана соттук иштер боюнча айтты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев басылмалардын бирине маек берип жатып Ататүрк эс алуу багынын аймагын сактап калуу багытындагы иштер туурасында билдирди.

Калаа башчысы курулуштарды бузуу чечими артка кайтпай тургандыгын айтып, соттун бардык баскычы менен эс алуучу жайдагы курулуштардын мыйзамсыздыгын далилдөөгө фактылар жетиштүү экендигин белгилеген.

"Биз чечим кабыл алганбыз. Аны кайра артка кайтарбайбыз. Азыр эле барып баарын бузуп салуу ниетибиз жок. Болгону жазылган мыйзамдын чеги менен иш алып барабыз. Бул маселе көптөгөн жылдар бою чечилбей келе жатат.

Биринчиден, эс алуу жайдын аянтына өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзамды кабыл алып, анын негизинде бөлүштүрүлүшү керек болчу. Мындай болгон эмес. Андыктан мен ишенимдүү түрдө чечим кабыл алып, ушул кадамга барып жатам.

Учурда мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан сотко 46 арыз берилди. Ал эми Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан 38 арыз берилген.

Фактылар менен соттун бардык тепкичинен өтсөк дагы, парктын аймагына курулуп жаткан турак жайлар мыйзамсыз экендигин далилдеп беребиз. Эс алуучу бактын аймагын сактап калышыбыз керек", - деп билдирген мэр.

Эске салак, 12-апрелде калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылы бекитилген 107 гектар Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон. Ага ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер парктын аймагына кайтарылышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан