Ошто шаарында унаа уурдоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-ноябрда милицияга 42 жаштагы тургун арыз менен кайрылып, үйүнүн алдына токтотуп койгон Nexia 2 үлгүсүндөгү унаасын түнкү саат 23:50 чамасында таппай калганын айткан. Шектүү катары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын 34 жаштагы тургуну кармалган. Ал уурдаган унааны сатып үлгүрбөй калгандыгын айтып, унааны бекитип койгон жеринен алып чыгып берген.
"Автоуурулук менен кармалган шектүү мурда бир нече уурулук менен соттолуп чыккан. Учурда дагы Ош шаарынын аймагында бир нече дарыканалардын эшик-терезелери аркылуу кирип, уурулук жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн", - деп айтылат милициянын маалыматында.
Милиция шаардык сот шектүүнү тергөө аяктаганга чейин тергөө абагына кармоо чечимин чыгарганын кошумчалады.