Бишкекте 2025-жылга 7 негизги көчөнү оңдоо пландалып, 3 жаңы жолдун курулушу башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Жалпы узундугу 15,3 чакырымды түзгөн 7 көчөнү реабилитациялоо пландалууда:
- Шабдан баатыр (Чүй) көчөсү Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (1,7 чакырым);
- Ахунбаев көчөсү 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин (3,2 чакырым);
- Жибек Жолу проспектиси Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (1,8 чакырым);
- Жаш Гвардия бульвары Жибек Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин (1,9 чакырым);
- Лев Толстой көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин (3,2 чакырым);
- Москва көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Фучик көчөсүнө чейин (1 чакырым);
- Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин (2,5 чакырым).