Бишкекте инвесторлор каржылаган төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды

Бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаарында жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жалпы чыгымы 420 миллион сомду түзгөн 5 кабаттуу жаңы имарат 200 орундуу болот. Курулуш президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен табылган инвесторлор тарабынан каржыланып жаткандыгы кошумчаланган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай кадамдар эне менен балага болгон камкордуктун аракети экендигин белгилеген.

"Жаңы төрөт үйү заманбап операциялык бөлмөлөр, аялдар жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн интенсивдүү терапия, төрөгөн аялдын жакындары үчүн күтүү жайлар, ошондой эле медицина кызматкерлерин окутуу үчүн симуляциялык кабинет менен жабдылат. Ал шаардын өсүп жаткан муктаждыктарын эске алуу менен курулуп, борбордогу кош бойлуу аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууга олуттуу кадам болот", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жаңы имараттын курулушу №1 төрөт үйүнүн жанында башталган. Эски имарат 1936-жылы курулган. Учурда ал жер репродуктивдүү курактагы 83 миңден ашуун Свердлов районунда жашаган аялдарды тейлеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан