Бүгүн, 12-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык ооруканасында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлик бүгүн, 12-декабрда кабарлады.
Айта кетсек, бул Бишкекте саламаттыкты сактоо уюмдарынын базасында ачылган 20-мамлекеттик дарыкана. Учурда республика боюнча жалпысынан 95 дарыкана иштеп жатат.
Министр Нарын жана Ысык-Көл облустарында дагы эки дарыкана иштей баштаганын белгиледи. Жылдын аягына чейин калкты жеткиликтүү баада дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуучу 100 «Эл Аман» мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда.
"Эл Аман" дарыканаларында чекене баалар өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-20 пайызга төмөн. Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген рецепттери менен бейтаптын оорусуна жараша 50 пайыздан 100 пайызга чейин арзандатуу менен сатылат" деп жазылат анда.
Маалымат үчүн: «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалар тармагы 30 чет элдик жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр, ошондой эле дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүүчүлөр менен кызматташат.