Жамиля Жаманбаева Нарында күйөөсү бычактап салган аялдан кабар алды (фото)

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарын эли менен жолугушту. Жолугушууга 200дөн ашуун адам келди. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууга облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышты.

Анда облус эли билим алууда, жер маселесинде, медицина жаатында укуктары бузулганын айтып арызданышты.

Тургундардын бири ата-энесинен калган жер үлүшүн бейтааныш эле адамдар талашып жатканын айтып, соттор алардын пайдасына мыйзамсыз чечимдерди кабыл алгандыгын айтып кайрылды.

Ага ылайык, Жаманбаева мамлекеттик органдардан аялдын укугун коргоону талап кылды.

Мындан тышкары пенсия алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн, мамлекеттик органдардын биринде кароолчу, почточу болуп иштеген адамдар эмгек укугу бузулуп жатканын айтып арызданышкан.

Буга байланыштуу акыйкатчы мамлекеттик органдардын жетекчилеринен калктын көйгөйлөрүн жеринен чечүүнү талап кылды.

Ошондой эле акыйкатчы күйөөсү бир нече жолу бычактаган келинден кабар алып, ал аял учурда сот болуп жатканын айтты.

Мага учурунда тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Мындай коркунучтуу окуядан кийин өзүмө келүүгө жеке кризисттик борбордун психологдору жардам беришүүдө. Башында мага гана эмес, менин бардык жакындарыма да абдан оор болду. Өзгөчө балдарыма кыйын болду. Алардан ар ким атасы жана мен тууралуу сурай беришти. Азыр бир аз жакшы. Акырындан өзүмө келип, кайрадан балдарым үчүн жашашым керек экенине ынандым. Учурда, сот жүрүп жатат”, - деди аял.

Окуя соцтармактарга таркап кетери менен кайдыгер эмес жарандар аялга жардам колун сунушкан. Жеке кризистик борборлордун биринин жетекчиси үй-бүлөгө керектүү жардам көрсөтүүдө.

Эске салсак, буга чейин 31-августта Нарында чуулгандуу окуя болгон. Мас абалындагы жаран ашпозчу болуп иштеген аялынын жумушуна кирип келип, аны бычак менен сайгылаган.

Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык максатта, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Андан соң сот шектүүнү тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо чечимин чыгарган.

Аял Нарын шаарындагы соода борборлорунун бириндеги ашканада иштеген. Анын айтымында, күйөөсү Н.М. ага бир нече жолу кол көтөргөн. 2024-жылдын июль айында ызы-чуу салгандан кийин ал үч баласы менен үйдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк жолдошу анын жумушуна келип, денесинин бир нече жерине бычак менен сайып кеткен.

Акыйкатчы Нарын облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга аялдардын жана балдардын укуктарын сактоону камсыздоого чакырган расмий кат жолдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан