Казакстандын 1997-жылы туулган Алибек Саматулы аттуу жараны изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
21-ноябрда атасы милицияга кайрылган. Анын айтымында, 27 жаштагы баласы 14-ноябрга караган түнү Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз чек арадан өтмөк аркылуу өткөн.
Белгилери: бою 174 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, чачы кыска, бетинде меңи бар.
Өзгөчө белгилери: сол бутунда тырыгы бар.
Кийген кийимдери: кара спорттук костюм, жеңинде кызыл тилкеси бар, ак түстөгү кара куртка.
Милиция издөөдө жүргөн адамды көргөн же анын жүргөн жерин билгендер болсо 0312 36-35-27, 0312 363523 (нөөмөт бөлүмү) же 0701 059585 телефон номурларына чалууну өтүнөт.