Бишкекте каракчылык кылып качып кеткен жарандар жалпы суммасы 31 миллон 264 миң рублду алып, качып кетишкен. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
ИИМдин маалыматына ылайык, жабыркагандар 2004-жылы туулган А.М. жана 1996-жылы туулган Б.Н. аттуу жарандар. Алар 31 миллион 264 миң рублду алып, жумушуна бара жатканда кылмышкерлер кол салган.
Кол салгандар жабырлануучуларга карата күч колдонуп, денесине залал келтирип, акча салынган рюкзакты тартып алышып, кылмыш болгон жерден башка номер коюлган Форд Фокус үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кетишкен.
Тергөө учурунда каракчылык кылган кылмышкерлер отурган Форд Фокус автоунаасы Чуйков көчөсүнөн табылган. Кылмышкерлер андан ары чет элдик номери тагылган Лада үлгүсүндөгү автоунаага түшүп кеткени такталган.
Бул окуя ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, кылмыш жасаган адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган бардык тергөө аракеттери жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.